Кызматтар

13 Dec

Биздин кызматтар

Бирикменин миссиясы:
1) Фертилдүүлүктү жөнгө салууда, анча кымбат эмес, жеткиликтүү, эффективдүү, зыянсыз ыкманы тандоодо аял менен эркектин так маалымат алууга укуктуулугу.

2) Бекем жана ден-соолугу чың үй-бүлөө куруу.

3) Жубайларды жашоосунун алып баруу стили. Билим алууга укуктуулугу, анын ичинде адамдык кадыр-баркын сыйлоо, өздүк физиологиясын жана жубайлардын төрөө жөндөмдүүлүгүнүн циклдарын билүүгө болгон укуктуулугу.

Бул үч максат бири-бири менен тыгыз байланышта. Адамдык кадыр-баркын сыйлоо жөнүндө, аял менен эркектин бирин-бири сыйлоосу жөнүндө, аялдын төрөө жөндөмдүүлүгү жана циклдик ритм (ыргак) жөнүндө билимдүүлүк жаш кезекте эле калыптанышы абзел. Жаш жубайлар үй-бүлөө курууга даярданып жатканда жана курушканда, алар практикалык жардамга жана керкетүү маалымат алууга укуктары бар. Алардын жардамы менен жубайлар болочок балдарынын төрөлүү концепциясын башкарууну табигый жолдор менен ишке ашыра алышат. Бул табигый ыкмалар төрөөнү башкаруунун зыянсыз, эффективдүү, кымбат эмес жана жеткиликтүү ыкмалар болуп саналат. Бул максаттар Үй-бүлөөлүк Биримдүүлүктүн Европалык Институтунун максаттары менен шайкеш.

4) Бирикменин максаттары аял менен эркектин бири-биринин алдында жоопкерчиликтүүлүгү, бири-бирин сыйлоо, адам жашоосун улантууда толук кандуу мамилелердин болушу принциптерине негизделген. Ушундан улам бирикменин ишмердүүлүгү өз ичине жасалма контрацепция менен жабдуу жана жасалма жолдор менен кош бойлуулукту токтотуунун багытында иштебейт.