Категориялар

Угуп коюу – бул өспүрүмдөрдү колдоо

13 Dec

Угуп коюу-бул өспүрүмдордү колдоо

Көпчулук убакта, өткөөл курактагы жаштар, ошондой эле андан улуураактары дагы өз көйгөйлөрү менен жекече калышат. Анын себеби ар түрдүү факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн. Бир жагынан ата-энесинин, теңтуштарынын, мугалимдердин түшүнбөстүгү. Ал эми экинчи жагынан, алар өздөрү бул көйгөйүн же психологиялык абалын аныктай алгандыгы. Өзгөчө бул абал депрессияга кабылган, өзүнө ишенбеген, өзүн баалабаган, ички коркуу сезими бар, жоопсуз сүйүүгө же дагы башка сезимдерге же эмоцияларга кабылган жаштарда байкалат. Бул учурда сөзсүз эле психологдордун жардамы эмес, жөн гана колдоо катары түшүнүү менен угуп коюу зарыл. Анткени жаштарды эле эмес, улгайган адамды да колдоп, угуп койсоң, бул алардын өз калыбына келип, өз алдынча көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун издеп табышына түрткү болот.

Биздин жамааттын иш жүргүзүүсүнүн алкагында, жаштар менен иш алып барууда, уюм аркылуу жаштарды колдоону туура көрдүк. Бул максатта биз Улуу Британиядан психологиялык угуу боюнча эксперт “Никола Ричардсонду” чакырдык. Ал бизге тренингдерди өтүү менен биздин кызматкерлерди окутуп үйрөттү. Ошентип, 2012 жылдын аяк оона (сентябрь) айынан баштап биздин уюмдун кошумча акысыз кызматы болуп, өспүрүмдөрдү психологиялык жактан угуп коюу жана аларды колдоо болуп эсептелет. Биз угуп коюу боюнча адистер болгондуктан, кандайдыр бир психологиялык же гипноздук басым кылбайбыз жана кенеш бербейбиз. Кандай гана көйгөй болбосун, биз угуп коюунун алкагында жөн гана өспүрүмдү угууга даяр экенибизге ынандырабыз. Угуп коюу боюнча адистерибиздин маселеси баарлашуу убагында өспүрумдөрдү туура чечимге өз алдынча келүүгө жана көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө бул иш-чара актуалдуу болуп турат, анткени Ысык-Көл областында өз өмүрүн кыйган өспүрүмдөрдүн саны күн санап өсүүдө, ал эми биздин жардам өз убагында өмүрдү сактап калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө биз онго жакын өспүрүмдөргө жардам бердик, бул да болсо биздин жетишкендик!