Категориялар

Жаштар менен иш алып баруу

13 Dec

Работа с молодежью

Өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо – бул маанилүү жана көп кырдуу маселе. Ар түрдүү социологиялык, психологиялык жана моралдык аспекттер менен биргеликте – жыныстык жактан тарбиялоо да зор мааниге ээ. Бул маселени оң жолго коюлушунан көптөгөн нерселер чечилет – адамдардын ден-соолугу, алардын үй-бүлөөлүк жана жеке бактысы, келечек муунду тарбиялоого багыт алуу жана алардын өз ара түшүнүүсү.

Кээ бир учурларда мындай «ыңгайсыз» темада баарлашуу ата-энелерге жана педагогдорго көптөгөн кыйынчылыктарды жаратат. Ал эми бул багыттагы адистер үчүн жыныстык тарбиялоо темасында баарлашуу анча деле кыйынчылык туудурбайт.

Биздин уюмдун адистери жогорку педагогикалык жана медициналык билимге ээ. Бул биздин уюмдун алкагында жаштар долбоорун негиздөөгө шарт түздү. Биздин долбоордун максаты болуп – үй-бүлөө курууга чейин жаштардын өз абийирин сактоого жана тунук акыл менен иш кылуу маанилүү экенин жеткизүү. Ошондой эле никотин, наркотик жана алкогол ичимдиктерин колдонуудан баш тарттыруу болуп саналат. Биз бул иш чараны социалдык педагогдор менен биргеликте 9-11 класстардын окуучуларына презентацияларды өткөрүү аркылуу ишке ашырабыз. Презентациянын жардамы менен үй-бүлөө жана ден-соолук үчун тунук акылдын болушу канчалык маанилүү экендигин көргөзөбүз. Балдар кызыгуу менен интерактивдүү оюндарга, сергек жашоо жөнүндө маегибизге активдүү катышышат.

Жаштар долбору 2010-жылы өз ишин баштаган. Бул мезгил аралыгында биз Каракол шаарынын 26 мектебинде болуп, 1340 окуучу менен маек жүргүздүк. Ошондой эле Ысык-Көл областынын райондорунда жана Бишкекте презентацияларды өткөрүүдөбүз. Биздин адистер менен бирдикте «Life» кайрымдуулук уюмунун жаштар иши боюнча адиси “Марк Баквандин” жыл сайын бизге келип турат. Анын келишинин максаты болуп-үй-бүлөө курууга чейин өз абийирин сактоо жана өз баалоону жогорулатуу болуп саналат. Анткени өзүн-өзү баалобоонун негизинде жаштар баш аламан жыныстык катнашка барып жатышат. Марк балдарга аябай жеткиликтүү жана кызыктуу кылып маалыматтарды берет. Биз мектептер жана педагогдор менен кызматташууга даярбыз жана биздин кызматташтыгыбыз мындан ары чыңалат деп ишенебиз!