Башка беттер

Категориялар

ҮТП жөнүндө

13 Dec

Үй-бүлөөнү табигый пландаштыруу  – бул аялдын төрөө жөндөмдүүлүгүнө негизделген жана төрөө циклдарын туура тандоо менен жубайларга баланын санын пландоого жана идеалдуу үй-бүлөөлүк турмушту курууга жардам берген ыкма. Ыкманын негизги идеясы болуп – негизги жана кыйыр көрсөткүчтөрдү пайдаланып, аялдын фертилдик мезгилинин башталышын жана аягын аныктоо болуп саналат. Анткени бойго бүтүрүү айыз циклинин фертилдик мезгилинде гана мүмкүн.

Негизги көрсөткүчтөр:

  • Дененин базалдык көрсөткүчү.
  • Цервикалдык былжыр суюктугу.
  • Жатындын моюнчасынын абалы.

ҮТП ыкмасы – жасалма контрацепцияны колдонбостон, бойго бүтүрбөй коюуга же көптөн күткөн баланы төрөөгө жардам берет. Өзүн-өзү баамдоого негизделген бул ыкма төрөлүүнү контролдоону гана жүргүзбөстөн, өрчүп кеткен тукумсуздукту эрте аныктоого да жардам берет. Бул ыкма төрөөгө мүмкүн болгон курактагы бардык кыздар жана аялдар тарабынан колдонууга ылайыктуу. Эркек же кыз баланын төрөлүүсү овуляцияга чейинки жана овуляция мезгилинен көз каранды.

ҮТП деген эмне?