Категориялар

Капшагай жол тартуу

25 Jan
Автор: | Категориялар: Жаңылыктар
Пикирлер: 0

2018 жылы отец Павел Блоктун отунучу менен, бизди Казакстанга чакырышты, бул жолу Алматынын жанында жайгашкан, Капчагай шаарчасына, балдар үчүн уюштурулган иш чарага келип кетүүбүздү суранышты.
Капчагай шаардык католик диний кызматкерлери, аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөөдөн, ар кандай себептер менен ата энеси камсыз кыла албаган 50 өспүрүм балдарды өз кароосуна алган жана аларга диний, маданиятка, туура жол, өз калыптануусуна тарбия беришет.
Ошондой эле жаш үй-булөөлөргө ар тараптуу кошумча билим берүү негизинде атайын окуу уюштурулат.
3-ноябрда, биздин коом, балдар үйүндө тарбияланып жаткан өспүрүмдөр үчүн «Бакытка карай жол», «Жашоонун баалуулуктары» аттуу чакан презентацияны 75 балага тартууладык. Биздин презентацияга башка аймактардагы балдар үйүнөн дагы катышуучулар болду.
4-ноябрда, бир канча үй-бүлөө мүчөлөрүнө, «Үй-бүлөөнү табийгый жол менен болжолдоо» темасын кыскача турдо айтып өттүк.
5-ноябрда шаардагы орто мектепте 58 жогорку класстын окуучуларына жана колледждин 20 студентине «Бакытка карай жол», «Жашоонун баалуулуктары» аттуу презентацияны тартууладык.
Биздин презентацияларга чоң маани бергендерине өтө кубанычта болуу менен бирге, мындан ары боордош Казак досторубуз менен болочокто, биргелешип иш алып баруубузга чоң үмүттөнүбүз.