Категориялар

Коңшулаш Казакстан

15 Dec
Автор: | Категориялар: Жаңылыктар
Пикирлер: 0

ҮТП (Үй-бүлөөнү табигый пландаштыруу)

ҮТПны өнүктүрүү жана Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну өркүндөтүү максатында биздин кызматкерлер жана Орусия менен Австралиялык досторубуз менен 2013-жылдын май айында коңшулаш Казакстанга бардык. Биз казак туугандарыбыздын меймандостук мамилесине аябай ыраазы болдук. 8 күндүк жүрүшүбүздө биз көптөгөн кызыктуу көркөм жерлерди көрдүк. Ал жактан биз Астанадагы Ватикан элчиси, Улуу-урматтуу Мэри Бундиа жана Рим-Католик Астанадагы Архиепископу Томаш Пета менен жолугуп. Алардын колдоосуна арзыдык. Ошондой эле Отец Павел менен болгон жолугушуубуз да жигердүү болуп, биздин жүрүшүбүз ары кызыктуу, ары жемиштүү болду. Ар бир шаарда биздин ҮТП боюнча презентацияларыбызга кызыккан көптөгөн мээримдүү жана максатына умтулган жаштар жолугушууга келип жатышты. Бул жолугушууларыбыз жана маалымат алмашууларыбыз биздин кызматташуубуздун башаты болот деп толук ишенебиз.