Категориялар

Кыргызстанда ҮТП боюнча мугалимдерди окутуу

13 Dec

Кыргызстанда ҮТП боюнча мугалимдерди окутуу
2005-жылы негизделген ҮТП ыкмасы Кыргызстандын үй-бүлөөлүк дарыгерлери тарабынан терең кызыгууга арзыды. Ысык-Көл областынын 33 үй-бүлөөлүк дарыгерлери биринчилерден болуп бул ыкмага окутулушту. Андан соң биздин уюм өз ишин Кыргызстандын башка областтарында да жүргүзө баштады. Бишкектен Нарынга, Таласка, Чүйгө жана Жалал-Абадга жайылды. Азыркы учурда 365 адам окутулду, алардын ичинен 106 медицина кызматкерлери ҮТПнын мугалимдеринин сертификаттарына ээ болушуп, калк арасында бул ыкманы кеңири жайылтып жатышат.

Учурда үй-бүлөөлүк дарыгерлер зыяндуу контрацептивдик каражаттардын ордуна жубайларга жагымдуу, ден-соолукка зыянсыз болгон үй-бүлөөнү табигый пландаштыруу ыкмасын сунуш кыла алышат. Буул болсо ҮТП ыкмасынын универсалдуулугу болуп саналат. ҮТП ыкмасы аялдын организминин төрөө мүмкүнчүлүгүн байкоого негизделген. Мунун негизинде жагымсыз-бойго бүтүүдөн сактанууга же убагында бойго болтурууга болот.

Жыл сайын «Үй-бүлөөлүк Гармония» АКнын алкагында биз ҮТП мугалимдери менен жолугушууларды өткөрүп, аялдардын өзгөчө цикли жана көпкө күткөн бойго бүтүрүү жөнүндө сөз кылып, тажрыйба алмашабыз.