Категориялар

Жубайлар

13 Dec

            Көптөгөн жубайлар үчүн үй-бүлөөнү табигый пландаштыруу – бул төрөлүүнү башкарууга караганда алдаканча зор мааниге.  Бул болсо фертилдүү убакта  ҮТП жубайларды өздөрун карманууга жардам берүү менен байланыштуу.  Бул убакта жубайлар аялдын фертилдүү цикли жөнүндөгү маалыматтарды алышып, биргеликте чечим чыгарышат.

 Адегенде – бул аябай жеңил, андан соң-аябай татаал сезилет, а бирок бул эң эле жөнөкөй иш.  Көптөгөн жубайлар ҮТП ыкмасы бойго бүтүрүүнү контролдоонун эң жакшы түрү экендигине ынанышат.

 ҮТПны тандоо – бул туура чечим чыгаруу дегенди билдирет.  Эң негизгиси, ҮТП инструкторуна кеңешке жубайлар чоогу келиши зарыл.  Жетекчи жубайларга ҮТП боюнча кеңири маалымат берип, аялдын жатынынын моюнчасы, базалдык температурасы, жыныс органдарынын былжырында болгон өзгөрүүлөр жөнүндө түшүндүрүп берет. 

 ҮТПнын негизги аспектиси болуп – жубайларды жакындатуу болуп саналат.  Күйөсүнүн кызыгуусу пайда болуп, аялынын организминде болуп жаткан өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзө баштайт. 

 ҮТПны өздөштүрүү убагында аялынын организмин билүү, ага кам көрүү, жана түшүнүк менен мамиле кылуу – жубайлардын мамилесин жогорку деңгээлге көтөрөт. 

 «Ажарлуу Үй-Бүлөө» АК дайыма жубайлар менен иш алып барат.  Азыркы учурда Каракол шаары жана анын тегерегиндеги аймактардан 42 жуп ҮТП ыкмасын активдүү колдонуу менен балалуу болуп жатышат.