Категориялар

Аялдар коому менен жолугушуу

25 Jan

2018 жылы, аялдарга эмчек суту жана торотко даярдоо боюнча консультация берүүчү «Эне Нуру» коомдук бирикмеси, биздин сайт жөнүндө кабардар болгондон кийин.чакыруусун кубанычтуу кабыл алдык.
Катышуучулар «Эне Нуру» коомдук бирикмесинин кызматкерлери, калган катышуучулар «Мутакаллим» борборундагы билим алып жаткан мусулман аялдары болду.
Биздин максатыбыз, УДБ жөнүндө берген маалыматыбыз аял жана эркектин үй-бүлөгө болгон урматтоосу менен бирге ортосундагы мамилени чындоосуна, өзүлөрүнүн тукумдуулугун толук билип, жаңы өмүрдү кабыл алуусун эң маанилуу салым кошот деп ишенебиз. Ошондой эле практика жүзүндө колдонуу менен, аялдар ден-соолугуна кам көрөт деп ишенебиз. Тренингти 12 киши катышты.
«Зне Нуру» коомдук бирикмесинин кызматкерлери жана башка катышуучуларга болочокто эң маанилуу деп эсептелген, балага эне сутунун керектиги жөнүндө, жалпы аял заты өзүнүн ден-соолугуна кам көрүүсү зарыл экендиги жөнүндө толук маалымат бердик деп ойлойбуз.

Aсель Ибраева:
«Мен бул аялдар тобун алар «Үй-булөөнү табигый жолу менен пландаштыруу» курсун окуп баштаган алгачкы күнү жолуктурдум. Алар «Мутакаллим жана Эне нуру коомдук бирикмелеринен эле. Ал жерде бул билимди алгандан кийин өздөрүнүн кыздары, келиндери менен болушууну каалаган энелер жана жаш кыз — келиндер да өзүлөрүнүн үй-булөөлүк жашоосунда колдонуш үчүн окуп үйрөнүүгө келишиптир. Мен өзүмдүн уй-бүлөөм, балдарым жана үй-бүлөөнү табигый пландаштыруу методунун үй-булөөлүк жашоомдогу маанисин айтып бердим. Алар бул методду үйрөнүүгө абдан дилгир мамиледе болуп жана маанилуулугун түшүнүп жатышты. Мен бул жолугушуудан жакшы таасир алып, бул аялдар тобу алар өз үй-бүлөөлөрүнө жардам берүүдө, сактоодо, бактылуу болууда чынында бул билимге муктаж экенин ойлодум….»